Кыргызстандын алтын запасы миллиарддаган сомго азайды

© AP Photo / Mike GrollМонетный двор США
Монетный двор США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын валюта резерви Улуттук банкка сомдун курсун кармоого мүмкүнчүлүк берет. Запастар ондон ашык валюта түрүнөн жана алтындын турат.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Март айында Кыргызстандын алтын запасынын наркы дээрлик 2,4 миллиард сомго төмөндөдү. Мындай тыянакка Улуттук банктын берген маалыматынан улам келүүгө болот.

Март айынын башында алтындын кору 52 миллиард 52,8 миллион сомго барабар болчу. Агезде бул рекорд деп эсептелген. Бир жыл ичинде ал бир аз көбөйгөн.

Улуттук банктын сайтында маалымдалгандай, апрель айынын башында алтын резервинин наркы 49 миллиард 671,1 миллион сомду түзгөн. 2008-жылдан бери жарыяланган финансылык жөнгө салуучунун ачык маалыматтарына ылайык, бул тарыхтагы үчүнчү ири көрсөткүч. Экинчиси ушул жылдын февраль айынын башында (51 миллиард сом) болгон.

Курс доллара к сому - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан акча издеп жатат. Мамлекеттик карыздын учурдагы көлөмү
Баанын төмөндөшүнө эмне себеп болгону такталган жок.

Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксинги (иш жүзүндө дүйнөлүк баа ар үч күндө жаңыланып турат) 1599,65 доллардан (2-март) 1576,55 долларга чейин (1-апрелге карата) өзгөргөн. Кеп трой унциясынын наркы — 31,1 грамм жөнүндө болуп жатат.

Улуттук банк 2011-жылдан бери алтынды ички рыноктон улуттук валютага сатып алып келет. Былтыр ал 14,4 тонна баалуу металлы бар болсо, ал эми 2018-жылы бир нече тоннага азайган.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүндүгүн берет. Резерв 10дон ашык валютадан, СDR (эл аралык акча бирдигинин төлөм каражатынан жана жасалма резервден — атайын карыз алуу укугу) жана алтындан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0