Дүйнөлүк банк: Кыргызстанга акча которуулардын үчтөн бири кыскарат

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүБанк России
Банк России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизи эле дүйнө жүзү боюнча акча которуулардын саны быйыл 20 пайызга төмөндөөрү айтылууда. Буга көбүнесе мигранттардын маянасынын азайышы же жумушсуз калышы негизги себеп болууда.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Коронавирус пандемиясы жана нефтке болгон баанын түшүшүнө байланыштуу 2020-жылы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга акча которуулар 28 пайызга азаят. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк прогноздоду.

Маалыматка караганда, акча которуулар Дүйнөлүк банк иш алып барган бардык региондордо көлөмүн азайтат. Мисалы, Европа менен Борбордук Азияда (27,5 пайыз), Африканын түштүк тарабы (23,1), Түштүк Азия (22,1), Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка (19,6), Түштүк Америка жана Кариб бассейни (19,3), Чыгыш Азия жана Тынч океан региону (13).

"2019-жылы Европа жана Борбордук Азияга акча которуулар мурдагы жылдан алты пайызга өсүп, 65 миллиард долларга жеткен. Экономикасы анча өнүгө элек Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө Россиядагы экономикалык активдүүлүк жагымдуу жагдай түзгөн. Бирок быйыл бул көрсөткүч 28 пайызга төмөндөшү күтүлүүдө”, — деп айтылат билдирүүдө.

Негизи эле дүйнө жүзү боюнча акча которуулардын саны быйыл 20 пайызга төмөндөөрү айтылууда. Буга көбүнесе мигранттардын маянасынын азайышы же жумушсуз калышы негизги себеп болууда.

Коронавирус тууралуу

Бош супермаркеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жакынкы айларда массалык ачкачылык капташы мүмкүн. БУУнун кооптуу божомолу
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.

Ал эми 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жонс Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 22-апрелге карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 2 594 724кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0