Нефтинин баасы түштү, доллар менен евронун абалы кандай? 21-апрелдеги баа

© AFP / MOHAMMED HUWAISДолларовые купюры в обменном пункте
Долларовые купюры в обменном пункте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан Бишкектин акча алмаштыруу жайларындагы валюта курсун, алтын жана күйүүчү майга болгон бааларды сунуштайт.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Бишкекте доллар менен евронун баасы сомго карата бир аз арзандады. Алтын куймалары дагы баасын төмөндөттү. Бирок күйүүчү май ошол бойдон калууда.

АКШ акчасын сатып алуу — 79.16, сатуу — 79.86 сом. Еврону сатып алуу — 84.55, ал эми сатуу 87.58 сомго бааланып жатат. Рубль наркы бир сомдун тегерегинде (сатып алуу — 1.030, сатуу — 1.091 сом) кармалып турат.

Май айында сатылчу WTI үлгүсүндөгү нефтинин баасы түшүп кетти. Түндө белгилүү болгондой, ал 136 пайызга, тагыраагы, баррелине 6,65 долларга арзандады.

Ал эми автоунааларга пайдаланчу күйүүчү майдын баасы мурдагы бойдон калууда. АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 38 сомдун тегерегинде, ал эми АИ-95 42.70 сомдон сатылууда.

Алтын куймаларынын бир граммы 60 сомго арзандады.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 килограмм алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0