Россиядан сатып алынган буудайдын 15 вагону Кыргызстанга жеткирилди

Жазылуу
Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россиянын азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Россиядан келишимдик негизде сатып алынган буудайдын 1028 тоннасы бүгүн Кара-Балта шаарында жайгашкан "Дан" кампасына түшүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россиянын азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

"Ушул аптанын ичинде дагы 36 вагонго жүктөлгөн буудай темир жол аркылуу Кыргызстандын аймагына жеткирилет. Ал эми калган бөлүгү май айынын аягына чейин келет. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү", — деп айтылат маалыматта.

Буудай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар өлкөгө буудай ташыгандарды кошумча нарк салыгынан бошотту
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 568ге жетти. Анын ичинен 201и айыгып, жетөө каза болду. 140 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Мындан тышкары Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0