Карантин менен доллардын кымбатташы сомдун көбөйүшүн шарттады

© AFP / YASIN AKGULКиши доллар купюраларды кармап турат. Архив
Киши доллар купюраларды кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Март айында доллар эки ирет кымбаттады. Биринчисинде 73 сом болсо, андан кийин 85 сомго чыкты. Өткөн айда өлкөнүн бир катар шаар, райондоруна өзгөчө абал киргизилип, андан бир катар мекемелер ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушкан.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. 1-апрелге карата Кыргызстанда өткөн айга караганда сомдун көлөмү өстү. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Эске салсак, март айында доллардын баасы эки ирет көтөрүлдү. Биринчисинде 73 сом болсо, андан кийин 85 сомго чыгып кеткен. Мындан сырткары, өткөн айда өлкөнүн бир катар шаар, райондоруна өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам көп мекемелер ишин токтотуп, жумушчуларын карантинге кое берген.

Киши Моссовет акча алмаштыруу бюродо турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалаа жаппасын! Акча алмаштыруу жайлары мыйзам жазган депутаттарга жооп берди
Айлануудагы акчанын көлөмү — 102,5 миллиард (марттын башында 2 миллиард 233,3 миллионго аз болчу).

Акча базасы — 112,2 миллиард (марттын башында 1 миллиард 748,8 миллионго аз болчу).

Кеңири колдонуудагы акча базасы — 124 миллиард сом (бир ай мурда 7 миллиард 150 миллион сомго аз болчу).

Терминдерге түшүндүрмө

Айлануудагы акча — бул элдин колундагы акча. Мында насыя берүүчү уюмдардын кассаларында калган акчалар да кошо эсептелет. Бул жерде сөз бир гана улуттук валюта — сом тууралуу болуп жатат. Чет элдик валюталар эсепке алынбайт.

Акча базасы — колдонуудагы акча жана каржы уюмдарынын резервдери.

Кеңири колдонуудагы акча базасы — колдонуудагы жана ага кошумча резервдеги бардык каражаттар (чет элдик валюта жана сом), Улуттук банктагы финансылык уюмдардын депозиттери.

Жаңылыктар түрмөгү
0