Кыргызстан дагы бир уюмдан шашылыш түрдө 12,15 млн. доллар алганы жатат

© REUTERS / Jose Luis Gonzalez / File PhotoДоллар купюралар. Архив
Доллар купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражаттын жарымы грант, жарымы кредит түрүндө 0,75 пайыздык чен менен алты жылдык мөөнөткө берилет.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстан шашылыш түрдө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 12 миллион 150 миң доллар алганы жатат. Бул боюнча мыйзам долбоорун ратификациялоо үчүн саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Жогорку Кеңешке алып келди.

Аталган каражаттын 6,075 миллион доллары грант, калган 6, 075 миллиону кредит түрүндө 0,75 пайыздык чен менен алты жылдык мөөнөткө берилет.

Состояния бюджета - Sputnik Кыргызстан
Бюджет 30 млрд. сомго эңшерилет. Чет өлкөдөн насыялар кандай шартта алынууда
Министрдин айтымында, аталган каражат медицина кызматкерлерин окутууга, өздүк коргонуу каражаттарын алууга, транспорт уюштурууга, өткөрүү пунктуларын модернизациялоого жумшалат. Лабораторияларга, айрым ооруканалардын интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнө керектүү жабдуулар алынат. Коронавирустан жабыркаган бейтаптарга дары-дармек жана башка медициналык товарлар сатып алынат.

Мындан сырткары, ушул каражаттын эсебинен жугуштуу оорулар ооруканалары, санэпидемстанциянын лабораториялары оңдолот.

Депутаттар бул мыйзам долбоорун суроо, талкуусуз добуш берүүгө жөнөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0