Кытайдан медициналык товар алган ишкерлерге жаңы талаптар коюлат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМедициналык бет капт.ар. Архив
Медициналык бет капт.ар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-апрелден тарта Кытай Эл Республикасында медициналык товарларды экспорттоо боюнча жаңы эрежелер киргизилди.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мындан ары Кытайдан медициналык товарларды ташыган мекемелерге бул өлкөнүн экспорт боюнча жаңы шарттары менен таанышып алууга чакырды. Бул тууралуу ведомствонун сайтында жазылган.

Маалыматка караганда, коңшу өлкөдөн 10-апрелден тарта төмөндөгү медициналык товарлар экспортко чыгып бара жатканда сапатын жана коопсуздугун текшерүү үчүн Башкы бажы кызматы тараптан экспертизадан өткөрүлөт:

  • медициналык бет каптар;
  • коргоочу костюмдар;
  • термометрлер;
  • дем алдыруучу аппараттар;
  • медициналык хирургиялык баш кийимдер;
  • медициналык көз айнектер;
  • медициналык кол каптар;
  • медициналык мониторлор;
  • медициналык дезинфекциялоочу майлыктар;
  • медициналык дезинфекциялоочу каражаттар.
“1-апрелден тарта Кытайда медициналык товарларды экспорттоо боюнча жаңы эрежелер киргизилди. Андыктан коңшу өлкөдөн аталган товарларды ташып келчү кыргызстандык ишкерлерге жаңы эрежелер менен таанышып, аны карманууга чакырабыз”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле элчилик товарды Кытайдан алып чыгуу үчүн бардык зарыл болгон документтерди алдын ала толугу менен дайындап алууну сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0