20:08 04 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9120
  • EUR90.7023
  • RUB1.0481
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
190 0 0

Буга чейин Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фонду Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан жардам алып жүргөн 76 мамлекетине карыз төлөөнү токтото турууга чакырышкан.

БИШКЕК, 14-апр.— Sputnik. G20 мамлекеттери өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карызын алууга мораторий киргизүүнү талкуулап жатат. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.

Буга чейин Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фонду Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан жардам алып жүргөн 76 мамлекеттин карызын тейлөөнү токтото турууга чакырган. G20 дал ушул демилгеден улам бул макулдашууну талкуулап жатат. Жогоруда сөз болгон 76 мамлекеттин ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан дагы бар.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев. Архивдик сүрөт
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Маалыматка ылайык, мөөнөт алты айдан тогуз айга чейин болушу мүмкүн. Маселе 15-апрелде өтө турган G20 мамлекеттеринин каржы министрлеринин жолугушуусунда чечилери болжолдонууда.

Бул убакыттын ичинде карыз алган мамлекеттер менен эл аралык каржы уюмдары андан аркы пландарын бекитип, сүйлөшүп алышат. Айрымдары үчүн карыздын бир бөлүгү жоюлса, башкаларына каржы жаатында көйгөй жаралгандыктан, төлөө мөөнөтүн узартууга шарт түзүп берүү каралып жатат.

Басылманын аналитиктеринин эсеби боюнча, башка өлкөлөрдөн эки тараптуу жардам алып жүргөн мамлекеттер бул жылы 40 миллиард долларга чейин карызын төлөшү керек болчу.

"G20 өлкөлөрүнүн бул жааттагы биргелешкен иш аракеттерине бир катар жарды мамлекеттерге насыя берип жүргөн Кытай каршы чыгышы мүмкүн. Бирок Пекин да мындай милдетти алууга даяр", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, коронавирус менен күрөшүүгө Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 120,9 миллион доллар бөлгөн. Ал эми Дүйнөлүк банк 12,15 миллион доллар берди.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстандын жалпы мамлекеттик  карызы 4,6 миллиард долларды түзөт, анын 3,9 миллиарды тышкы карызга туура келет.

Тема боюнча

Бюджет 30 млрд. сомго эңшерилет. Чет өлкөдөн насыялар кандай шартта алынууда
COVID-19дан кийин экономикасын тез калыбына келтирет деген 5 өлкө. Тизме
Белгилер:
каржылоо, мөөнөт, карыз, Кыргызстан, G20

ЭҢ МААНИЛҮҮ