Өкмөт өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү үчүн 14 млрд. сом тапты

Жазылуу
Учурда ишкерликти колдоо жана экономиканы калыбына келтирүү боюнча каатчылыкка каршы пландын экинчи пакети иштелип жатат.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү үчүн 14 миллиард сом тапты. Бул туурасында экономикалык блокту тескеген вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Вице-премьердин айтымында, учурда ишкерликти колдоо жана экономиканы калыбына келтирүү боюнча каатчылыкка каршы пландын экинчи пакети иштелип жатат. Анын алкагында жеңилдетилген насыя түрүндө каржылык жардам берилет.

"Бүгүнкү күндө ички жана тышкы булактардан 14 миллиард сом аныкталды. Бул боюнча дагы иш алып барылат. Азырынча аныкталды деп ишенимдүү айта турган сумма ушундай", — деди Асрандиев.

Бул сумма Улуттук банктын азыркы курсу боюнча болжол менен 180 миллион доллар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0