Айыл чарба министри: өлкөдө жүргөн үшүк дан эгиндерине зыянын тийгизбейт

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Чодуевдин айтымында, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн эрте быша турчу айыл чарба азыктарын үшүк алышы мүмкүн. Бирок дан эгиндери зыян тартпайт.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Өлкөдө жакынкы күндөрү жамгыр аралаш кардын жаашы менен үшүк себилген дан эгиндерине зыянын тийгизбейт. Бул туурасында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн эрте быша турчу айыл чарба азыктарын үшүк алышы мүмкүн.

Дарактарда жаткан кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мөмөлүү даракты үшүк алуудан кантип сакташ керек? Айыл чарба адисинин кеңеши
"8-9-апрель күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр аралаш кар жаап, үшүк дагы жүрүп, биздин ишти бир топ басаңдатып койду. Учурда райондук комиссиялар түзүлүп, үшүктөн зыян тарткан аянттарды тактап жатабыз. Бирок үшүк жерге себилген дандык эгиндерге зыянын тийгизбейт. Тескерисинче, арпа, буудайдын өсүшүнө пайдалуу. Эрте быша турчу азыктарды үшүк алды деген кабарларды угуп жатабыз. Кошумча маалымат беребиз", — деди Чодуев.

Министр коронавирус инфекциясы күчөп турган шартта жазгы талаа жумуштары өз ыргагында өтөрүнө ишенерин белгилеген.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Мындан тышкары, кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0