Абылгазиев ЕАЭБдин жыйынында жүк ташуу маселесин көтөрдү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЖүк ташыган фура порттогу терминалда. Архив
Жүк ташыган фура порттогу терминалда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери видеоконференция форматында жыйын куруп жатышат. Абылгазиев анда товар жүгүртүү маселесин козгоду.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында жүк ташуу боюнча маселеге токтолду.

Анын айтымында, көпчүлүк мамлекеттер чек арасын жаап жатат. Буга байланыштуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөр үчүн эң маанилүү маселе — бул соода-сатык коопсуздугун камсыздап, ич ара соода жүгүртүүнү колдоо.

"Биз товарлардын, айрыкча азык-түлүктүн эркин кыймылын камсыздашыбыз керек. Ошол эле учурда жарандарыбыздын ден соолугуна дагы кам көрүү зарыл. Буга байланыштуу жүк ташууда убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди киргизүү боюнча биргеликте иш алып барууну сунуштайм", — деди өкмөт башчы.

Абылгазиев логистикалык процедуралардын ылдамдыгы менен товарларды жеткирүү убактысынан соода-экономикалык система менен интеграциядагы макроэкономикалык кырдаал көз каранды экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0