Доллар арзандады, бир катар банктар 80 сомдон төмөн сатууда

© AFP / ASHRAF SHAZLYАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жумага жетпеген убакыт мурда Кыргызстанда доллардын баасы 85 сомго чейин жеткен. Бирок кийин кайра арзандай баштады. Мисалы, бүгүн эртең менен сатып алуу— 81.7, сатуу 82.4 сомдон болду.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Valuta.kg сайтындагы маалыматка караганда, доллардын баасы 80 сомдон төмөндөдү.

Эртең менен сатып алуу — 81.7 сом, сатуу 82.4 сомдон болгон.

Саат 13:02ге карата доллардын баасы төмөнкүчө:

Сатып алуу 78.8 сомдон 79.5 сомго чейин;

Сатуу 79.5 сомдон 80.2 сомго чейин.

Эске салсак, 2-апрелде доллардын баасы 85 сомго чейин жеткен.

РИА Новости жазганына караганда, мунайга болгон дүйнөлүк баа ОПЕК+ уюмуна мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин жолугушуусу (9-апрель) алдында өсүп жатат. Brent — баррелине 32,67 доллар, WTI  24,99 долларга бааланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0