Өзгөчө абал режими кирген аймактагылар пенсиясын кантип алат?

© Sputnik / Табылды КадырбековВопросы уплаты пенсии в Кыргызстане
Вопросы уплаты пенсии в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунда жашаган пенсионерлердин акчасын почта кызматкерлери таратып берет.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев брифинг учурунда өзгөчө абал режими кирген аймактарда жашаган пенсионерлер пенсиясын кандай тартипте аларын түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунда жашаган пенсионерлердин акчасын почта кызматкерлери таратып берет.

"Өзгөчө абал кирген Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунда 60 миңден ашуун пенсионер бар. Алар акчасын банк аркылуу алчу. Эми аны убактылуу почта кызматы таратып бермекчи. Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында буга чейин пенсиясын карта менен алып жүргөндөр болсо, акча ошол картасына эле которулат. Себеби бул шаарларда банкомат жетиштүү. Почта аркылуу алгандар болсо, пенсиясын почта кызматкерлери таратып берет", — деди Ирсалиев.

Ал ошондой эле эгерде буга чейин пенсиясын почта аркылуу алып жүргөн жаран кокустан ошол учурда үйүндө жок болуп калса, пенсиясын кийинкиде, эки айдыкын бир кылып аларын белгиледи.

Фонд жетекчиси банктын кассасынан да акча алган пенсионерлер бар экенин айтып, булардын тизмеси такталып, андан кийин пенсиясын почта кызматкерлери жеткирип берерин кошумчалады.

Кыргызстандагы коронавирус

Министр труда и социального развития КР Улукбек Кочкоров - Sputnik Кыргызстан
Улукбек Кочкоров: жөлөк пулдар кечиктирилбей берилет
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 28и ооруканадан айыгып чыкты. Такталган маалымат боюнча, 19 медик вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0