Мэр: Бишкектин бюджети апрелде жүздөгөн миллиондорду жоготот

© пресс-служба мэрии города Бишкек Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. Архив
 Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус эпидемиясына байланыштуу борбор калаага өзгөчө абал режими киргизилген. Бул өз учурунда экономикага чоң таасирин тийгизүүдө.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу апрель айында Бишкектин бюджети 400 миллионго жакын сом жоготот. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Калаа башчысына "салыктан түшкөн акчанын азайышы эсептелдиби жана мындан ары кызматтардын ишине каражат кайдан алынат" деген суроо узатылган.

"Бизде анализ бар, апрель айында бюджетке 400 миллион сомго жакын каражат түшпөй калат. Эпидемия аяктаса жоготуулардын ордун толтурабыз", - деди Суракматов.

Кыргызстандагы коронавирус

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Асрандиев: ачык айтайын, бекер акча берип, салыктан толук бошото албайбыз
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 33ү ооруканадан айыгып чыкты. Арасында 16 медик вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0