Күйүүчү май арзандады. 7-апрелге карата Бишкектеги баасы

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май станциясы жумуш учурунда. Архив
Күйүүчү май станциясы жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нефтетрейдерлердин товарларынын өтүмдүүлүгү түшүп кетти. Айрымдарыныкы 80 пайызга чейин төмөндөсө, айрымдарыныкы беш эсеге чейин жетти.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бүгүн, 7-апрелде, Бишкекте күйүүчү майдын баасы арзандады. Бул тууралуу аны сатуучу компаниялардын сайтынан көрүүгө болот.

2020-жылдын 7-апрелине карата күйүүчү майдын баасы (сом менен)
Күйүүчү май арзандады. 7-апрелге карата Бишкектеги баасы  - Sputnik Кыргызстан
2020-жылдын 7-апрелине карата күйүүчү майдын баасы (сом менен)

Трейдер в медициналык бет капчан биржда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө экономикалык кризиске даяр болушу керек! Россия менен Кытайдын божомолу
Sputnik Кыргызстан күн сайын Бишкек шаарындагы күйүүчү май, алтын куймалары жана чет элдик валюталарга болгон бааны сунуштап келет. Бирок бүгүн иш күнү болбогондуктан, Улуттук банк алтын куймаларына баасын көрсөткөн жок. Ошондой эле коммерциялык банктар иштебейт.

Маалыматка караганда, дизель майы менен АИ-95 үлгүсүндөгү бензин бир сомго арзандады. Ал эми АИ-92 майы 60 тыйынга түштү.

Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов Sputnik Кыргызстан радиосуна күйүүчү майдын арзандашына учурдагы абалга жараша товарга суроо-талаптын түшүп кетиши себеп болгонун айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0