Доллардын сом менен рублга болгон наркы арзандай баштады

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүРоссиялык рубл жана АКШ доллар купюралар. Архив
Россиялык рубл жана АКШ доллар купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күн мурун Кыргызстанда доллардын баасы 85 сомго чейин көтөрүлдү. Улуттук валютанын курсу рублдин абалынан дагы көз каранды.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Сом менен рублдин долларга карата позициясы жогорулап жатат.

Россиянын Борбордук банкынын доллардын 7-апрелге карата койгон расмий курсу 1,32 рублга арзандап, 76,40 рублди түзсө, евро 3,1 рублга түшүп, 82,63 болуп калды. Буга чейинки курс 28-мартта Россияда карантин башталган учурда коюлган.

Мировой кризис после пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус менен күрөшүүгө 100 млн. сомго чукул акча чогулду
Москва биржасында саат 14.37ге (17.37 бшк) карата доллардын баасы бүгүн жана эртең 74,4 рублдан ашпай турганы көрсөтүлөт. Ал эми 1-апрелде ушул эле биржада доллар 79 рублга бааланып жаткан.

2-апрелде Кыргызстанда америкалык валютанын наркы 85 сомго чейин көтөрүлгөн. Бирок кайра төмөндөп отуруп азыр 83,2 сомдун тегерегинде сатылууда.

Brent үлгүсүндөгү мунай 33 доллардан ашыгыраак турат. Доллардын куну жогорулап жатышына мунайдын баасы төмөндөп кеткени себеп. Мындай кырдаал Россия валютасын алсыздандырат. Ал эми рублдин арзандаганы кыргыз сомуна да таасирин тийгизет.

Жаңылыктар түрмөгү
0