Соцфонд: Кыргызстанда пенсия 10-апрелден тарта бериле баштайт

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүПолучение пенсии на почтамте в Чите
Получение пенсии на почтамте в Чите - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө 670 миңден ашуун пенсионер бар, алар үчүн ай сайын 3 миллиард 962 миллион сом бөлүнөт.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 10-апрелден тарта пенсия бериле баштайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев брифинг учурунда билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: муктаж адамдардын бардыгы азык-түлүк менен камсыз болот
Анын айтымында, өлкөдө 670 миӊден ашык ар кандай категориядагы пенсионер бар. Алардын 55 пайызы банктардан, 45 пайызы почта бөлүмдөрүнөн пенсиясын алып келет. Бирок өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу банктын кассасынан жана карта аркылуу алган адамдарга дагы эми почта кызматкерлери үймө-үй жеткирип берет.

"Пенсия 10-апрелден тарта жеткирилип бериле баштайт. Бардык пенсионерлер акчасын үйдө отуруп, почта кызматкерлеринен алышат", — деди Ирсалиев.

Соңунда ал пенсиянын төлөнбөй калышы боюнча эч кандай коркунуч жок экенин белгиледи. Өлкөдө пенсионерлер үчүн айына 3 миллиард 962 миллион сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0