Доллар бир аз арзандап, алтын кымбаттады

© AFP 2023 / MARK WILSONПачки долларов в Бюро гравировки и печати.
Пачки долларов в Бюро гравировки и печати. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Бишкектин акча алмаштыруу жайларындагы валюта курсун, алтын жана күйүүчү майга болгон бааларды сунуштайт.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Доллар менен евро сомго карата бир аз арзандады. Ал эми алтын куймаларынын наркы жогорулап, күйүүчү май ошол бойдон калды.

2-апрель күнү кечке маал АКШ акчасын сатып алуу 84,3 сом, сатуу 85 сомго чыгып кеткен. Бүгүн эртең менен бул көрсөткүч бир аз төмөндөдү (сатып алуу — 84,11 сом, сатуу — 84,81 сом).

Еврону сатып алуу — 88.60, ал эми сатуу — 94.14 сомго бааланып жатат.

Нью-Йоркская фондовая биржа - Sputnik Кыргызстан
Нефтинин кымбат баасы качан кайтат? Саресеп
Рубль наркы бир сомдун тегерегинде (сатып алуу — 1.062, сатуу — 1.117 сом) кармалып турат.

Күйүүчү майдын баасы дээрлик өзгөргөн жок. АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 38-39.5 сомго бааланып жатат. Ал эми АИ-95тики 42-43 сомдон сатылууда.

Алтын куймаларынын бир граммы 245 сомго кымбаттады.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 кг алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0