Доллар өсүп, алтын арзандады. Күйүүчү майдын баасы кандай болууда

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАКШ доллар купюралары. Архив
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Бишкектин акча алмаштыруу жайларындагы валюта курсун, алтын жана күйүүчү майга болгон бааларды сунуштайт.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Бишкекте доллар, евро жана рублдин баасы сомго карата көтөрүлдү. Алтын куймалары арзандап, күйүүчү май ошол бойдон калды.

Учурда долларды сатып алуу — 83.78, сатуу — 84.47 сом. Еврону сатып алуу — 88.24, ал эми сатуу — 94.30 сомго бааланып жатат.
Рубль наркы бир сомдун тегерегинде (сатып алуу — 1.035, сатуу — 1.098 сом) кармалып турат.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда күйүүчү май колдонуу алты эсеге кыскарды
Күйүүчү майдын баасы дээрлик өзгөргөн жок. АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 38-39.5 сомго бааланып жатат. Ал эми АИ-95тики 42-43 сомдон сатылууда.

Алтын куймаларынын бир граммы 85 сомго арзандады.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 кг алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0