Эл акчасын кайсы валюта менен сактаса болорун экономист айтып берди

Жазылуу
Эл учурда колундагы акчасын долларга алмаштырууга аракет кылат. Жакын арада бул адамдар утат, бирок келечегинде чыгым тартат.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Экономист Кеңешбек Алымбеков жакынкы арада валюта рыногунда болчу өзгөрүүлөр тууралуу божомолун айтып берди.

Адис Кыргызстандын Улуттук банкы сомду кармап туруу үчүн акча салуусун уланта турганын, бирок рынокто алтын валютасынын бекемдиги канчага чыдап берери азырынча түшүнүксүз деген пикирин билдирди.

"Өлкөгө мурдагыдай акча кирбей калды. Анткен менен элдин колунда азыр акча турат, аны долларга алмаштырууга аракет кылат. Жакын арада бул адамдар утат, бирок келечегинде чыгым тартат. Сом рублга байланган. Ал эми Россиянын эл аралык аренада ролу бекемдейт. АКШда акчанын массасын көбөйтүү үчүн долларды басып чыгарып жатат. Анын үстүнө Американы коронавирус алсыратууда. Бул өлкөнүн экономикасына, албетте, АКШ долларына кесепетин тийгизет", — деди экономист.

Алымбеков учурда кыргызстандыктар акчасын мультивалюталык эсепте, анын ичинен сом жана рубль менен кармап турушу керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0