Доллар, евро жана алтын кымбаттады. Күйүүчү майдын баасы кандай

© REUTERS / Mariya GordeyevaАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрү евро менен доллар кымбаттап бара жатат. Алтын куймаларына болгон баа дагы өсүүдө.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Өткөн суткада Бишкекте доллар, евро жана алтын куймалары кымбаттап, күйүүчү май арзандады.

Доллардын курсу 61 тыйынга өстү. Сатып алуу — 81.23, сатуу — 81.93 сом. Евро андан дагы, тагыраагы, 1.3 сомго баасын көтөрдү. Сатып алуу — 85.4, сатуу — 92.53 сом. Рубль наркы бир сомдун тегерегинде (сатып алуу — 1.001, сатуу — 1.07сом) кармалып турат.

Тигүү цехи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соодабыз 90%га жабыркады. Коронавирустан запкы жеген кыргызстандык ишкерлер
Нефтетрейдерлердин бири АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасын литрине 0,5 сомго, АИ-95ти 0,8 сомго арзандатты. Дизель майынын баасы эки сомго төмөндөдү.

Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы дагы көтөрүлдү, бир граммына 34 сомдон кошулду.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден тарта 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 кг алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатпастан, аны сатып да алат. Бааны алар өздөрү Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0