Өкмөт ишкерликти кантип колдой турганын айтты. Иш-чаралардын тизмеси

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө экономикасын колдоо жана калыбына келтирүү боюнча чогулуш өткөргөн
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө экономикасын колдоо жана калыбына келтирүү боюнча чогулуш өткөргөн - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы кыйын кырдаалга карабастан ишканалардын кризистик абалдан чыгуусуна жардам берүү зарылдыгын айткан.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Өкмөт ишкерликти колдоонун антикризистик финансылык чараларын бекитти. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызмат билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө экономикасын колдоо жана калыбына келтирүү үчүн бардык аракеттерди жумшоо зарыл экенин белгилеген.

"Бүгүнкү күндө ишканалардын дээрлик бардыгына чоң күч келүүдө. Кыйын кырдаалга карабастан биздин ишканалардын кризистик абалдан чыгуусуна жардам беришибиз керек. Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте кырдаалды дыкат талдап, насыяны кайтаруу шарттарын өзгөртүү боюнча комплекстүү чараларды көрөт. Бул негизги суммага жана пайыздык төлөмдөргө тийиштүү. Биз атамекендик ишканалардын кудуретсиз абалга келишине жол бербешибиз керек", — деди Абылгазиев.

Кризиске каршы планга ылайык төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

  • КРдин Улуттук банкына калк арасында банктык тейлөөнү аралыктан жүргүзүүнүн артыкчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштоо;
  • КРдин Улуттук банкына экономиканын реалдуу секторун колдоо үчүн банк тутумун сомдун өтүмдүүлүгүнүн зарыл деңгээли менен камсыз кылуу максатында насыялык аукцион өткөрүү сунушун киргизүү;
  • КРдин Улуттук банкына 2022-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө коммерциялык банктарга жана коммерциялык эмес уюмдарга карата пруденциалдык талаптарды жеңилдетүүнү сунуштоо;
  • Коммерциялык банктар менен чакан жана орто бизнести колдоо линиясы боюнча КР өкмөтү жана Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунан каржыланган долбоорлорду кошуу менен 3 айдан кем эмес мөөнөткө насыялар боюнча негизги суммалар жана пайыздарды узартуу, реструктуризациялоо тууралуу иш алып баруу;
  • Элдин массалык түрдө чогулуусун алдын алуу максатында 2020-жылдын 1-июлуна чейин акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу;
  • Атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосунда атамекендик ташуучуларга 20 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктерди берүү жөнүндө ченемди ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгү) бекитүү;
  • Атамекендик ташуучуларга, өндүрүүчүлөргө жана жалданма компанияларга аракеттешүү максатында аткарууга ӨК/ӨА режимдерин киргизүү таасир берген мамлекеттик сатып алуулар боюнча келишимдердин мөөнөттөрүн тууралоо;
  • КР экономикасындагы тармактарды жеңилдетилген шартта насыялоо үчүн РФтин эмитенттери баалуу кагаздарында жайгаштырылган Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттарын тартуу;
  • Насыялык ресурстарга максималдуу түрдө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү;
  • Коронавирус инфекциясынын таралышына жана өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал жарыялангандыгына байланыштуу олуттуу жабыр тарткан бизнести колдоо фондун биргеликте түзүү боюнча өнөктөштөр менен иш алып баруу.
Жаңылыктар түрмөгү
0