12:21 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD74.0750
  • EUR81.1788
  • RUB1.0412
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (847)
192 0 0

Болормаа Амгаабазар Дүйнөлүк банк тарабынан коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жалпы бюджети 160 миллиард долларды түзгөн көмөк көрсөтүү фонду түзүлгөнүн билдирди.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар менен жолугушуп, өлкөдөгү экономикалык кырдаал боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с главой офиса Всемирного банка в Кыргызстане Болормой Амгаабазар. 27 марта 2020 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар

Билдирмеге ылайык, жолугушууда Жээнбеков коронавирус инфекциясынын дүйнөгө жайылышы Кыргызстандын экономикасына да терс таасирин тийгизгенин айтып, Дүйнөлүк банкка Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоо маселесин карап чыгууну сунуштады.

Болормаа Амгаабазар бул багытта өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдары менен активдүү иштер жүрүп жаткандыгын белгилеген. Ал башка долбоорлорго жумшалчу каражаттын бир бөлүгү саламаттык сактоо түзүмүн колдоо үчүн берилгени жатканын айтты.

Тараптар КРдин "Коронавируска чукул жооп кайтаруу" долбооруна да каражат бөлүү боюнча сүйлөшүштү.

Болормаа Амгаабазар Дүйнөлүк банк тарабынан коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жалпы бюджети 160 миллиард долларды түзгөн көмөк көрсөтүү фонду түзүлгөнүн билдирди. Ал жеке компанияларды колдоо ниети бар экендигин да айтты.

Эске салсак, Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 121 миллион долларга чукул каражат бөлдү

Коронавирус Кыргызстанда

Бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 58ге жетти. Жаңы учур Сузак (7), Өзгөн (3), Кара-Суу (1), Ноокат (1) райондорунда жана Ош шаарында (1) катталды. Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (847)

Тема боюнча

Кыргызстанда дагы 14 киши коронавирус жуктуруп алды
COVID-19: Кытай АКШга колдон келген жардамын аябай турганын билдирди
Белгилер:
жардам, каржылоо, дүйнөлүк банк, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ