Кыргызстандагы дары-дармек чыгарган завод эки смена менен иштеп жатат

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүРабота фармацевтического предприятия "Рафарма" в Липецкой области
Работа фармацевтического предприятия Рафарма в Липецкой области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустан улам дүйнө эли дүрбөлөңгө түшүүдө. Кыргызстанда да дары-дармекке суроо-талап көбөйгөндүктөн, дарыкана түйүндөрү атамекендик өндүрүүчүлөргө кайрыла баштаган.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы дары чыгарган завод эки смена менен иштеп жатат. Бул тууралуу ишкананын башкы директору Рахим Бабаев билдирди.

Ал Кыргызстанда медициналык дары-дармек чыгарган 13 өндүрүүчүнүн бири.

"Эл дүрбөлөңгө түшө баштагандыктан дары-дармекке суроо-талап абдан өстү. Биз чыгарган товарлардын көбү жашоого эң керектүү делген дарылардын тизмесине кирип жатат. Өндүрүүчүлөрүбүз дене тапты басаңдаткан, вируска каршы дарыларды, антибиотиктерди жана витаминдерди даярдайт. Биз Кыргызстандын рыногун 100 пайыз дары-дармек менен камсыз кыла алабыз", — деди ал.

Ситуация в Нью-Дели из-за коронавируса  - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус табылган Сузактагы айыл тургунунун маеги. Эл үйдөн чыкпай калды
Завод жетекчисинин айтымында, ызы-чуу болуп кеткендиктен көп мамлекеттер сыртка дары чыгарууга тыюу салып коюшту. Мындан улам дарыкана түйүндөрү атамекендик өндүрүүчүлөргө кайрыла баштаган.

Бабаев белгилегендей, дары-дармек өндүрүүгө чийки зат жетиштүү. Атамекендик дары-дармектер сырттан келгендерге караганда 20-30 пайыз арзан. Сапаты жагынан да камчы салдырбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0