Асрандиев: интернетте убадаланган миллиондордун баары атайын эсепке түшкөн жок

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Вице-премьер КР Эркин Асрандиев
Вице-премьер КР Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер "Акча кайда коротулду, ким көзөмөлдөп жатат?" деген суроо көп берилип жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Коронавируска каршы күрөшүү үчүн жардам делип социалдык тармактарда айтылып жаткан акчанын баары өкмөт ачкан эсепке түшпөйт. Бул туурасында вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, ыктыярдуу акча которуулар үчүн Финансы министрлиги жана "Айыл банк" менен "РСК банкында" эсеп ачылган. Учурда ага 35 миллион 293 миң сом келип түштү.

"Акча кайда коротулду, ким көзөмөлдөп жатат?" деген суроолор пайда болууда. Ошону түшүндүрүп кетейин, жарандарды бир гана биздин эсепке акча которгула деп айта албайбыз. Өзүнүн демилгеси менен эсеп ачып жардам бергендер дагы болушу мүмкүн. Ошондуктан интернетте 3, 5, 15 миллион жана башка бир нече миллион деп аталган суммалардын баары эсепке түшүп жатат деген туура эмес. Бизге канча түшсө, ошого жооп бере алабыз. Акча которбой эле азык-түлүк же медициналык каражаттарды берип жаткандар дагы бар. Биз аларды көзөмөлдөбөйбүз, ар биринин өз эрки", — деди Асрандиев.

Ошондой эле каражатты бөлүштүрүү боюнча коомдук байкоочу кеңеши түзүлүп жатканын кошумчалады. Ага эки депутат жана жарандык коомдун эки активисти кирет.

Асрандиев элден чогулган каражаттын кайда жумшалганын ачык-айкын жарыялап турарын убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0