Өкмөт өзгөчө абал учурунда кайсы мекемелер иштээрин айтты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүБанки фиксируют повышенный спрос на ипотеку
Банки фиксируют повышенный спрос на ипотеку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-марттан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, ошондой эле үч районго өзгөчө абал режими киргизилди. Бул режим 15-апрелге чейин күчүндө болот. Мурдагыдай күндүз баары каалаган жагына бара албайт, ары-бери жүрүүгө чектөө коюлду.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Өзгөчө абал учурунда кайсы мекемелер ишмердүүлүгүн жүргүзө аларын брифинг учурунда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев түшүндүрдү.

Анын айтымында, төмөндө аталган ишканаларда эмгектенгендер комендатуранын уруксаты, иштеген жеринен маалымат сыяктуу документтерди дайындап алышы керек.

  • Дүкөндөрдү азык-түлүк продукциясы менен камсыз кылгандар;
  • Дары-дармек каражаттарын жана медициналык коргонуучу каражаттарды ташыгандар;
  • Күйүүчү-майлоочу майларды жана газ баллондорду ташыгандар;
  • Турак жай-коммуналдык чарба боюнча бардык кызматтын түрлөрүн көрсөткөндөр;
  • Бул күндөрү иштеген мекемелерди кайтарган жеке менчик күзөт ишканалары;
  • Айрым бажы уюмдары;
  • Коммуникация чөйрөсүндө ТВ, радио, уюлдук тармак, интернет кызматтары, ошондой эле техникалык тейлөөчүлөр;
  • Бардык медициналык мекемелер;
  • Укук коргоо органдары;
  • Коммерциялык банктар.

Бирок микрокредиттик компаниялар, акча алмаштыруучу жайлар, камсыздандыруу компаниялар жана ломбарддар иштебейт.

Өзгөчө абал

Милиция кызматкери постто туруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте көчөлөр эмнеге жабылды? Комендатура себебин айтты
25-марттан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, ошондой эле үч районго өзгөчө абал режими киргизилди. Бул режим 15-апрелге чейин күчүндө болот. Мурдагыдай күндүз баары каалаган жагына бара албайт, ары-бери жүрүүгө чектөө коюлду.

Ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат жарыялангандыктан, тургундар кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпашы керек. Күндүз дагы жашоочуларга өтө зарыл болгон учурда гана сыртка чыгууга уруксат берилген.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0