ЕАЭБге айрым товарларды бажы салыгын албай киргизүү пландалууда

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүЖүк ташыган фура жолдо бара жатат. Архив
Жүк ташыган фура жолдо бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 25-мартта, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлеринин катышуусунда видеоконференция режиминде Евразия экономикалык комиссиясынын жыйыны өткөн.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагына инфекция менен күрөшө турган медициналык коргоочу каражаттарды бажы салыгы жок алып кирүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, 25-мартта, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлеринин катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын жыйыны видеоконференция режиминде өткөн.

"Натыйжада ЕАЭБдин аймагына инфекцияга каршы күрөшө турган медициналык коргоочу каражаттарды салыгы жок алып кирүү чечими кабыл алынган. Ага ылайык, бир топ продукция бажыдан салыгы жок өтүп, саламаттык сактоо мекемелери жана дарыгерлер тиешелүү каражаттарды кыйналбай алып калышат", — деп айтылат маалыматта.

ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус менен күрөш: ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бирине жардам бермей болду
Мындан сырткары, бир жуманын ичинде убактылуу бажы салыгы жок өтө турган товарлардын тизмесин түзүү боюнча да чечим кабыл алынды. Булар эл көп колдонгон балдардын тамак-ашы, азык-түлүк, медициналык каражаттар жана дары-дармектер болмокчу.

"Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши коронавирус менен күрөшүүгө керек болуучу каражаттарды ЕАЭБдин аймагынан тышкары сыртка алып чыкпоо да макулдашылды", — дешти министрликтен.

Жыйында тараптарга товар ташыган айдоочуларга эч кандай тоскоолдуктар жаралбашы үчүн механизмдерди иштеп чыгуу тапшырмасы берилгени да маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0