COVID-19 менен күрөшүү эсебине 35 млн. сом түштү. Акча которгондордун тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын миң сом купюралар. Архив
Кыргыз Республикасынын миң сом купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирусту ооздуктоо үчүн кыргызстандыктардан жардам катары которулган каражаттын суммасы күн санап өсүп жатат.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 35 миллион 293 миң 891 сом келип түштү. Бул туурасында Финансы министрлиги кабарлады.

Бул 25-марттын саат 17.00гө карата алынган маалыматы экени белгиленет.

Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү - Sputnik Кыргызстан
Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирип берди. Сүрөт
Финансы министрлигинин сайтына ким канча каражат которгону туурасында кенен маалымат жайгаштырылды. Ал жактан жөнөкөй жарандардан тарта менчик компаниялар, фонддор жана мамлекеттик мекемелерге чейин жардамга кол сунуп жатканын билүүгө болот. Айрымдары бир күндүк маянасын жөнөткөн. Эң азы 2000 миң сом, алды үч миллион сомдук колдоо көрсөтүп жатат.

Коронавирусту ооздуктоо үчүн акчалай жардам берүүнү каалагандардын саны күн сайын өсүп жатканы байкалат. Алсак, атайын эсепке 23-мартта 11,1 миллион, ал эми 24-мартта 17,9 миллион сом түшкөн.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги атайын эсеп ачкан.

Эсептин номери: 4402011000101373

Коронавирус Кыргызстанда

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда бир адам COVID-19 менен күрөшүүдө. Алардын ичинен алты кишинин абалы оорлошуп, реанимацияга которулду.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0