Казакстан ун жана башка азык-түлүктөрдү экспорттоого тыюу салды

© Sputnik / Джон Траст / Медиабанкка өтүүКаптагы ун. Архив
Каптагы ун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанда коронавирус катталганына байланыштуу 16-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилип, бир нече чектөө коюлган.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Казакстандын бийлиги өзгөчө абал режими учурунда тамак-ашка керектелүүчү азыктарды чет өлкөгө сатууга тыюу салды. Бул тууралуу Sputnik Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, мындай чектөө 22-марттан тарта киргизилген. Экспортко тыюу салынган азык-түлүктөрдүн тизмесине ун, гречка, кумшекер, картошка, сабиз, кызылча, шалгам, капуста, чемичке үрөнү жана чемичке майы кирет.

"Учурда калкты эң керектүү товарлар менен үзгүлтүксүз камсыздоо маанилүү. Дүкөндөрдө биринчи керектелүүчү азык-түлүктөр — нан, сүт, эт, акшак ар дайым болуп турушу керек. Баарынан мурда Казакстандын дүкөндөрүнө бул товарларды жеткирип турушубуз зарыл", — деп айткан Султанов.

Супермаркет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер: азык-түлүктүн баасы жогорулайт
Ал эми Нур-Султанда кумшекер, гречка жана май бир адамга беш килограммдан гана бериле турганын белгилеген.

Ошондой эле ал кырдаалдан пайдаланып бааны негизсиз жогорулатууга аракет кылгандар катуу жазалана турганын эскертти.

Эскерте кетсек, Казакстанда коронавирус катталганына байланыштуу 16-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилген. Ага ылайык, чет элдиктердин Казакстанга кирүүсүнө тыюу салынган. 19-марттан тарта Нур-Султан менен Алматы карантинге алынган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0