23:22 04 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
132 0 0

Буга чейин Өзбекстандын ЖМКлары өлкө 2025-жылы жаратылыш газын экспорттоону токтотууну пландап жатканын жазышкан. Кыргызстанда колдонулган газдын 10-12 пайызы коңшу мамлекеттен импорттолот.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Өзбекстандан жаратылыш газын экспорттоону токтотуу боюнча расмий билдирүү "Газпром Кыргызстан" ишканасына келген эмес. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстандын ЖМКлары премьер-министр Абдулла Ариповго таянуу менен өлкө 2025-жылы жаратылыш газын экспорттоону токтотууну пландап жатканын жазышкан.

"Кыргызстандын түштүк тарабындагы колдонуучуларга газ "Газпром экспорт" ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде алып келинет. Ал келишим быйыл бүтөт, бирок дагы эки жылга узартылышы мүмкүн. Өзбекстан тараптан жаратылыш газын экспорттоону токтотуу боюнча расмий билдирүү "Газпром Кыргызстан" ишканасына келген эмес", — деп жооп берди компания.

Ошондой эле коңшу өлкөдөн келген газды колдонуунун үлүшү КРде 10-12 пайыз экендигин кошумчалашты.

Тема боюнча

Кыргызстандан товар алган 15 өлкө. Таң калтырчу рейтинг
Мунай баасынан улам Америка Россияны кантип жазалоону ойлонуштурат
Мунай россиялык газдын да баасын түшүрөбү? Серепчинин ой толгоосу
Белгилер:
Газпром, газ, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ