Кыргызстанда доллар дээрлик бир сомго кымбаттады

© AFP / ADEK BERRYАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы эки жуманын ичинде өлкө аймагында доллардын баасы эки ирет жогорулады. Экинчи жолкусунда кескин кымбаттаган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бүгүн, 23-мартта, түштөн кийин доллардын баасы 90 тыйынга кымбаттады. Бул тууралуу Valuta.kg сайтына жарыяланды.

Доллардын курсунун өзгөрүшү:

  • Сатып алуу – 77 сомдон 77,9 сомго чейин;
  • Сатуу – 77,5 сомдон 78,3 сомго чейин (77,5 – бүгүнкү күндөгү эң төмөнкү баа).

Анткен менен акча алмаштыруучу жайлар америкалык валютага болгон суроо талап жогору эмес экенин айтышууда. Жарандар сатып алгандан көрө долларды сатууга кызыгып жатышат.

Эске салсак, 10-мартта доллардын баасы үч сомго жогорулап, 73 сомду түзгөн, ал эми 19-мартта кескин жогорулап, бир доллар 85 сом болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0