Кыргызстан айрым товарларды сыртка сатууга чектөө киргизди. Тизме

© Sputnik / Нуржан НайзабековаБишкектеги супермаркеттердин биринде азык-түлүк товарларды сатуу. Архив
Бишкектеги супермаркеттердин биринде азык-түлүк товарларды сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык, товарлардын айрым түрлөрүн өлкөдөн экспорттоого алты айга чейин тыюу салынат.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстан товарлардын айрым түрлөрүн сыртка ташып чыгарууга убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык, кээ бир продукцияны экспорттоого алты айга чейин тыюу салынат.

Үчүнчү өлкөлөргө сатууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган товарлардын тизмеси:

  • Буудай жана меслин;
  • Буудай уну;
  • Өсүмдүк майы;
  • Күрүч;
  • Макарондун түрлөрү;
  • Шекер;
  • Тоок жумурткасы;
  • Тамак-аш үчүн йоддолгон туз;
  • Тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту);
  • Салфеткалар жана башка бактерияга каршы каражаттар;
  • Дезинфекциялоочу каражаттар.

Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы мыйзамсыз экспортту жоюуга багытталган зарыл чараларды көрүп жатканы айтылды.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Выдача кредитов в КР - Sputnik Кыргызстан
Ишкерлер коронавирус менен күрөшүүгө канча акча которгону белгилүү болду
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти. Анын ичинен сегизи Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Үчөө Ош облусуна караштуу Ноокат районунан, экөө Бишкектен, бирөө Баткен облусунан. Эки адамдын абалы оорураак деп бааланып жаткан. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Эске салсак, Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0