Доллар 75,3 сомго чейин арзандады. Саат 15.00гө карата маалымат

© AP Photo / LM OteroЖүз доллар купюра. Архив
Жүз доллар купюра. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү доллардын баасы чоң секирик жасап, 12 сомго кымбаттаган. Бүгүн кайра арзандай баштады.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Valuta.kg порталы Кыргызстанда доллардын эң төмөнкү курсу 75,3 сомго түшкөнүн маалымдады.

Кечээ бир долларды сатып алуу 84,6-84,7 сом, сатуу 85 сом болуп кеткен. Бүгүн, 20-мартта, курс кайра төмөндөп, 79 сомго түшкөн.

Ал эми саат 15.00гө карата коммерциялык банктарда доллар 77-78 сомдон сатылууда. Сатып алуунун баасы 75-77,9 сомдун тегерегинде болууда. Ал эми эң төмөнкү курс 75,3 сом экени көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0