Бизнес доллар көз карандылыгынан канткенде кутулат? Саресеп

© REUTERS / Toru Hanai / File PhotoАКШ долларлары тартылган сүрөттүн жанында турган адам. Архив
АКШ долларлары тартылган сүрөттүн жанында турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук валюталарда эсептешүү зарылдыгы эбак бышкан. Бирок РФ өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинин Социалдык-экономикалык иликтөөлөр институтунун директору Алексей Зубец мындай тутумдун ыкчамдыгын жана анча жогору эмес наркын камсыз кылуу керек деп эсептейт.

Евразия өнүктүрүү банкынан Sputnik агенттигине билдиришкендей, алар улуттук валюталарда эсептешүүнү камсыздоого дайын.

Улуттук валюталарда эсептешүү — жүйөлүү чара

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, Кыргызстан, Россия жана Казакстандын өкмөттөрү доллардын курсунун кескин өсүшүнө байланыштуу бизнес операцияларында улуттук валютага өтүүнү талкуулоодо.

"Бул эбак бышып жетилген жүйөлүү чара. Бирок кептин баары бул тутумдун өтүмдүүлүгүн, мындай эсептешүүнүн ыкчамдыгын жана арзандыгын, ошондой эле курстардын олку-солкулугунун айынан бизнесте жоготууларды болтурбоо үчүн валюталардын курстарын бири-бирине карата теңдөө боюнча камсыздоодо", — деп белгилейт серепчи Sputnik агенттигине берген маегинде.

Каатчылык шарттарында рыноктор үчүн доллардын өтүмдүүлүгүнө жетүү өтө чектелүү болушу мүмкүн, ал эми улуттук валюталардын түз кросс-курска өтүшү (башка өлкөнүн акча бирдигине чагылган бир мамлекеттин акчалай бирдигинин баасы — ред.) оңой жана тез төлөөгө мүмкүнчүлүк берерин белгилейт маектешибиз.

© Sputnik / Антон ДенисовРФ өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинин Социалдык-экономикалык иликтөөлөр институтунун директору Алексей Зубец
Бизнес доллар көз карандылыгынан канткенде кутулат? Саресеп - Sputnik Кыргызстан
РФ өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинин Социалдык-экономикалык иликтөөлөр институтунун директору Алексей Зубец
"Бүгүн кайсы бир рыноктордо долларды сатып алуу татаал, ал эми улуттук валюта жеткиликтүү. Ошондуктан улуттук валюталар менен эсептешүүгө өтүү каатчылыкта кымбатка түшө турган каржылык чынжырчанын ортосундагы бөлүктөргө төлөнчү чукул чыгымдардын көйгөйүн жоет", — деп түшүндүрөт Зубец.

Бирок мындай тутумдун киргизилиши улуттук валюталардын биринен башкасына карата өйдө-ылдый болушун ооздуктай албайт. Ушундан улам бул кросс-курстар кантип жөнгө салынат деген маселе жараларына көңүл бурат бул эксперт.

Ошондой эле Sputnik агенттигинин маектешинин айтымында, постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөр дагы бир маселени — долларга жана бири-бирине карата улуттук валюталардын синхрондук эмес девальвациясын чечип алууга тийиш. Кайсы бир өлкөлөр курсту кармап турууга тырышууда, башкалары өз улуттук валюталарын эркин кое берүүгө ыкташууда.

Моссовет кесилишиндеги обменкалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк доллардын кескин өсүшүнө түшүндүрмө берди
"Постсоветтик мейкиндикте рубль менен салыштырганда бекемдиги айырмаланбаган улуттук валюталар бар. Ошондуктан мында ар кыл мамлекеттердин өкмөттөрү ишкерлик кыйрабай тургандай тышкы таасирлерге кантип шайкештик менен туруштук берүү керек деген маселени жаратат.

Мисалы, россиялык рублдин куну түштү, ал эми шарттуу түрдө беларусь рубли мурдагы паритетине дейре төмөндөдү. Бул бизнести өтө чоң чыгымга кабылта турган дал келбестикти түзөт. Мындай окуяга жалпыбыз 2014-жылы күбө болгонбуз, анда беларусь улуттук банкы өз рублинин курсун кармап турууга аракет кылып, ал эми Россия валютаны девальвациялаган. Жыйынтыгында белорустар өз жеринде өндүрүүнүн ордуна товарды сатып алуу үчүн Россияга катташкан", — деп билдирет Зубец.

Улуттук валютада эсептешүүгө өтүү мөөнөтү өкмөттөрдүн кадамдарына жараша

Улуттук валютада эсеп жүргүзүү Евразиялык экономикалык комиссиянын аянтчасында талкууланмакчы. Евразиялык өнүктүрүү (ЕАӨБ) банкы бул ишке кызуу катышып жатканын белгилейт Sputnik агенттигине ЕАӨБ башкаруу тобунун төрагасынын орун басары Андрей Крайний.

© © SputnikЕАӨБ башкаруу тобунун төрагасынын орун басары Андрей Крайний
Бизнес доллар көз карандылыгынан канткенде кутулат? Саресеп - Sputnik Кыргызстан
ЕАӨБ башкаруу тобунун төрагасынын орун басары Андрей Крайний
"Улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүү мөөнөтү тууралуу айтсак, бул өлкөлөрдүн жетекчилиги жана өкмөттөрүнүн укугу. Бирок экономикадагы жагдай бул жолдо кызуу кыймылга түртөт", — дейт банктын жетекчилигинин өкүлү.

Евразиялык өнүктүрүү банкы улуттук валюталарда эсептешүү үчүн бардык зарыл инфраструктураны берүүгө, бул процесстерде система түзүүчү болууга даяр экенин белгиледи ал.

Киши супермаркете сыр тандап жаткан убакыыта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Доллар өскөндүгүнө байланыштуу импорттук азыктар кымбаттайбы? Адистин жообу
Анын айтымында, 2018-жылдан тарта банк улуттук валюталарда өз эсептик-клиринг тутумун ишке ашырып келет. Анын жардамы аркылуу улуттук төлөм тутумун пайдалануу менен чек аралар аралык төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот.

Андан тышкары, 2019-жылдан бери ЕАӨБ Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин банктары үчүн "хаб" болуп берет. ЕАӨБдүн Эсептик-клиринг тутуму кардарлардын акчасын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге улуттук валюталарга бир убакта конвертациялоо менен ыкчам жана арзан которууга шарт түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0