Кыргызстанда декларация тапшыруу мөөнөтү жылдырылмай болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовБирдиктүү салык декларациясын тапшыруу үчүн документтер. Архив
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу үчүн документтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке жактар декларацияны 1-апрелге чейин тапшырышы керек эле, бирок премьер-министр мөөнөтү жылганын кабарлады.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларация кампаниясынын экинчи этабынын мөөнөтү (2019-жылдын жыйынтыгы боюнча) жылдырылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште коронавируска каршы күрөш боюнча отчёт берип жатып билдирди.

Коронавируска тест жасап жаткан лаборатория кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктургандар менен чогуу келген баткендик 8 кишинин анализи чыкты
Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков эми өкмөт декларация тапшыруунун жаңы мөөнөтүн аныкташы керектигин Sputnik агенттигине билдирди.

Негизи кампания 1-апрелге чейин созулмак. Бирдиктүү салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, патент алгандар, жеке жактар, транспорт, батир, үй жана жер участогу барлар тапшырышы керек.

Мындан сырткары, юридикалык жакты түзбөстөн эле айыл жана фермердик чарба жүргүзгөндөр дагы декларация тапшырууга милдеттүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0