Мунай россиялык газдын да баасын түшүрөбү? Серепчинин ой толгоосу

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПортогу нефть менен цистерна. Архив
Портогу нефть менен цистерна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунай рыногундагы окуялар жана коронавирустун көйгөйү газ темасын экинчи орунга жылдырды. Бирок мунай баасынын түшкөнү газ рыногуна да таасир этери турулуу иш. Бул туурасында Александр Собко баяндайт.

Адегенде эске салчу жагдай, узак мөөнөттүү келишимдер боюнча айрым рыноктор (бул биринчи кезекте Азиядагы суюлтулган жаратылыш газына тиешелүү) үчүн газдын баасы мунайдын белгиленген наркына жараша коюлган. Рынокто сунуштун ашкере көптүгүнөн газ арзандап, ал эми мунай ОПЕК+ келишиминин негизинде кымбат бойдон кармалып турган акыркы айларда бул эки бөлөк баанын ортосунда аябагандай чоң айырма жаралды.

Макаланы РИА Новости агенттиги жарыялады.

Газдын жана суюлтулган жаратылыш газынын биржадагы баасы миллион БТБга (британ жылуулук бирдиги, миң куб метрине 105 доллардан туура келет) үч долларлык деңгээлде болгон (азыр дагы ушундай). Ал эми келишимдерге ылайык, суюлтулган жаратылыш газынын мунайдан көз каранды баасы үч (!) эсе жогорулап, миллион БТБ тогуз долларга чейин жетип турган. Мында баарынан кызыгы, кытайлык импорттоочулар суюлтулган жаратылыш газын коронавируска карата "аргасыз жагдай" деп билдирип, келишимдердин алкагындагы баада сатып алуудан баш тарткан. Бирок ошол эле убакта мындай газдын көлөмүн споттук баада (биржа соодасындагы ошол учурдун наркы) сатып алууга макул болушкан.

Азыр кырдаал кыйла өзгөрдү. Мунай баасы эки эсе түшкөндө эки бөлөк баанын ортосундагы айырма сакталып турат, бирок алда канча ылдыйлап барат. Үстүртөн эсептесек, миллион БТИге биржадагы үч долларга каршы 4,5 доллар (мунайдын баасына жараша).

Нефтяное месторождение. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Мунай баасы жана альтернативдик энергетиканын кыйрашы: утуш кимде?
Ошону менен бирге эле мунайдын түшкөнүнө карабастан, газдын биржалык баасын белгилөөдө ошол эле деңгээлде, тагыраак, миллион БТЕге үч доллар боюнча калды. Эмнеге мындай болду? Биринчиден, баа болушунча түштү. Пессимисттер жайга чейин дагы төмөндөйт деп жоромолдошот. Бирок жагдай газды суюлтуучу америкалык заводдордун токтошуна чукулдады, анткени баа операциялык чыгымдарды араң жаап калды.

Газ тармагында суроо-талап жылытууга көбүрөөк байланыштуу (эпидемиялык чаралар таасир этпегени ошондон). Ошентсе да өнөй жайдын салымы бар: Кытайда февралда газга болгон суроо-талап былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу он пайызга кыскарды.

"Газпром" мунай баасынын өйдө-ылдый болушун эң аз даражада болсо да сезип калды. Февралдын башында жарыяланган соңку маалыматтар боюнча, компаниянын Европага саткан көлөмдүн 30 пайызы гана мунайга байланган. Андан көп өтпөй Болгария үчүн бааны кайра карап чыгуу керектиги белгилүү болот (мүмкүн бул мунай индексациясынан биржа баасына өтүү менен коштолду көрүнөт). Натыйжада азыр мунай баасынын ылдыйлашы "Газпромдун" тапкан пайдасына таасир этпей койбойт (кандай болгон күндө да бул компанияга азыр оңой кез эмес: газдын биржадагы баасы өтө төмөн деңгээлде, бирок мунайдын белгиленген баасы түшкөнгө чейин эле ушундай чекке жетип калган)

Тескерисинче, суюлтулган жаратылыш газы, айрыкча эски келишимдер боюнча мунайга жалганган, ошондуктан мурункудай эле абдан кеңири таралган. Мунай баасынын түшүшү, албетте, суюлтулган жаратылыш газын сатуучулардын кирешесин азайтат. Споттук жана узак мөөнөттүү келишимге ылайык, баанын ортосундагы айырманын бир убакта кичирейиши экспортчулар менен импортчулардын мамилесин жумшартат. Алар ашкере жогору деп мунайга жалганган суюлтулган жаратылыш газынын баасын жаңыдан карап чыгууга чакырып келишкен.

Анан да эң башкысы, суюлтулган жаратылыш газ рыногунун келечеги не болот? Бардык катышуучулар менен биргеликте 2025-жылдын ары жак-бери жагында рыноктун ашкере толуп кетишине жол бербеш үчүн жаңы долбоорлор боюнча инвестициялык чечимдерди кабыл алууну жылдыра турууну талкуулаганбыз.

Кеп коронвируста эмес

Катар суюлтулган жаратылыш газын чыгаруучу жаңы заводдорду курууну кийинкиге жылдырууда. Анткен менен Мозамбик жана АКШдагы долбоорлор дале кароодо. Ушул тапта суюлтулган жаратылыш газы боюнча жаңы долбоорлор ишке кирбей турганын ишенимдүү айтууга болот. Албетте, элдин баарынын оюн коронавирус ээлеп алган, бирок курулуштан ишке бергенге дейре кеминде төрт жыл "кечигерин" эске алсак, анда кеп вируста гана эмес. Болгону компаниялардын өз долбоорлорунун чыгымдарды актап берерине кепил болууга шарты келбейт.

Мурда биржадагы баалар төмөн болсо да, суюлтулган жаратылыш газы боюнча долбоорлор өзүн актап кетерине бул бири-бирине байланышкан эки ыкманын эсебинен. Биринчиден, эгер акыркы сатып алуучу мунайдын баасына жалганган баа менен келишим түзүүгө макул болсо, экинчиден, суюлтулган жаратылыш газынын бардык көлөмү заводдон (баасындагы тобокелдиктер менен кошо!) мунай-газ гиганттарынын бири гана "өзүнө" алып, кийин мындай газ сатуучу катары чыкса, кепилдик бар эле.

Азыр бул эки мүмкүнчүлүк тең колдон чыгууда. Мунайдын азыркы баасында ага жалганган суюлтулган газ боюнча келишимдер чыгымдын акталышын камсыз кыла албайт. Ал эми мунай ишканалары өздөрүнүн баштапкы тармагында кантип ирденип кетүүгө баш катырууда. Кымбат мунай менен суюлтулган газ рыногунун тобокелдиктерин субсидиялоо эми колдон келбейт.

Бензин куйгуч станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай баасынын өзгөрүшү постсоветтик өлкөлөргө кандай таасир этет? Саресеп
Мунайдын белгиленген баалары түшүп кеткенге чейин эле суюлтулган жаратылыш газы боюнча АКШнын эң кызыктуу долбоорлорунун бири – Tellurian компаниясынын  Driftwood LNG заводунун курулушу көпкө каралбачудай улам жылып калган. Бул Дональд Трамптын февраль айында Индияга барганында болгон. Ал жолугушуунун алкагында суюлтулган жаратылыш газын сатып алуу боюнча индиялык өнөктөштөр мурдагы макулдашууларды бекемдейт, ал эми Driftwood LNG инвестициялык чечим кабыл алуу үчүн жетишерлик болбогон кепилденген түрдө сата алат.

Бирок индиялык тарап суюлтулган жаратылыш газын импорттоо боюнча соңку чечим чыгарууну дагы бир жолу жылдырууну туура көрдү. Жыйынтыгында аталган долбоорго анын бир нече чакан линиядан тургандыгы да (теориясында баскыч-баскычы менен курулуш мүмкүндүгүн жаратмак), ылдыйлатуу боюнча көрсөтмөлөрдүн эң арзан баада жарыяланышы да, Driftwood LNG долбооруна ТНК Total мунай-газ түз инвестициялары да жардам бере алган жок.

Суюлтулган жаратылыш газ рыногундагы азыркы абал Россия үчүн жакшы. Бул оор сыноону жеңил ойлуулук менен чечүү аракети да эмес. Албетте, жагдайдын жагымсыз тараптары да ачык-айкын: суюлтулган жаратылыш газын (СЖГ) сатуудан түшкөн киреше кескин төмөндөп кетет, ал эми "Ямал СЖГ" (оригиналы Ямал СПГ экен) менен келишимдердин басымдуу бөлүгү мунайдын белгиленген баасына байланган. Дегеле сырьелук рыноктогу терс көрүнүштөр ири экспортчу катары Россия үчүн жагымсыз. Артыкчылыгы эмнеде?

Бир жагынан Россия жаңы заводдордо мүмкүн болушунча өз жабдыктарын пайдаланууга кызыкдар, бирок иштеп чыгуу жана өндүрүштү ишке ашыруу жагынан бир аз кечеңдөөдө. Ошондой болсо да суюлтулган жаратылыш газы рыногундагы жарыш, өз үлүшүн ээлеп калууну каалаганы россиялык катышуучуларды заводдордун ишке берилишин создуктурбоо үчүн чет элдик өндүрүштөгү жабдыктарды пайдаланууга аргасыз кылган. Бул жааттагы дүйнөлүк рыноктордогу тыным жаңы циклге өз жабдыгы жана технологияларынын чоң үлүшү менен киришүүгө шарт түзөт.

Мунай станоктор иштеп жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай баасы: Вашингтон менен Эр-Рияд Россияга эмнеге кысым көрсөтүүдө?
Баса, мында иштин тездетилишине жана жагымдуу жаңылыктарга күбөбүз. Жакында эле "Обь СЖГ" (оригиналы «Обский СПГ» экен, Гугл ошентип айтты) долбооруна газ турбиналары жана компрессордук жабдыктарга буюртма берилди. Эске салсак, бул – "Новатэктин" дагы бир СЖГ долбоору. Инвестициялык чечими кабыл алына элек, бирок биз көрүп тургандай, жабдыктарына буюртма берилүүдө. Завод (жылдын аягында ишке бериле турган) "Ямал СЖГнын" салыштырмалуу чакан "тесттик" төртүнчү линиясында алдын ала сынала турган "Арктикалык каскад" аталган россиялык технологияны пайдаланмакчы.

Инвестициялык чечими кабыл алынбай туруп, ишкана курулушка камылга үчүн белгилүү бир кадамдарга барышы – дүйнөдө кезикчү тажрыйба. Мындай учурда инвестициялык кадамдарды кабыл алуудан ишке киргизүүгө чейин стандарттык төрт-беш жылдан аз убакыт өтөт. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн "Обь СЖГ" 2022-жылдын аягында ишке берилиши мүмкүн.

Эске салсак, өндүрүш салыштырмалуу түрдө чакан (2,5 миллион тоннадан эки линия) жана ири көлөмдөгү линияларда россиялык технологияны дагы бир ирет сынап көрүүгө чакырылган, ошондон соң ынанымдуу түрдө анын кулачын кеңейтүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0