Коронавирустун кесепетин жоюуга Кыргызстан 1 млрд. сомдон ашуун акча жумшайт

© пресс-служба мэрии города БишкекКоомдук транспортту дезинфекциялап жаткан кызматкерлер
Коомдук транспортту дезинфекциялап жаткан кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөлүнгөн каражат өлкөгө биринчи кезекте керектелүүчү азык-түлүк алып келүүгө жана коронавирус менен күрөшүүгө сарпталмакчы.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Коронавирустун кесепетин жоюуга багытталган иштерди жүргүзүүгө Кыргызстан бир миллиард сомдон ашуун акча жумшайт. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди.

Аталган каражат өлкөгө азык-түлүк алып келүүгө жана коронавирус менен күрөшүүгө сарпталмакчы.

"Саламаттык сактоо министрлигине 50 миллион, обсервацияда жаткандарды караган Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 21 миллион сом, дезинфекциялоочу каражаттарды алууга Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга 5 миллион сом берилди. Бул вирус менен түздөн-түз алышып жаткандарга бөлүнгөн каражат", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы, мындан сырткары, экономика тармагына 800 миллион сом бөлүнө турганын белгиледи.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жнКазакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуу учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Токаев коронавирустун алдын алуу чараларын талкуулашты
"Өкмөт Казакстандан ун жана башка биринчи кезекте керектелүчүү азык-түлүктөрдү алып келүүгө 400 миллион сом бөлдүк, эки мамлекеттик банк 200 миллиондон бөлөт. Ошол 800 миллион сомду биздин кызматты аткара турган ишкерлерге 8 пайыздык кредит менен бердик. Андан тышкары, ӨКМге дагы 200 миллион сомду бөлүүнү сунуштап, алдыңарга алып келдик. Ошонун баарын кошкондо 1,1 миллиард сом болот", — деди премьер-министр.

Абылгазиев коңшу өлкөлөрдөн жүк ташууга тоскоолдук жок экенин белгилеп, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралбай турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0