Кыргызстан бюджетти катуу үнөмдөө режимине өтүүдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын желегиндеги акча каражаттары. Архив
Кыргызстандын желегиндеги акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер дүйнө жүзүндөгү абалды эске алып, Кыргызстан ар кандай жагдайга даяр болушу керек деген пикирин айтты.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Коронавирус коркунучунан улам Кыргызстан республикалык бюджетти катуу үнөмдөө режимине өтүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова брифинг учурунда билдирди.

"Кырдаал татаалдашып кетип товар айлантуу, импорт үзгүлтүккө учураса, биз баарына даяр болушубуз керек. Албетте, бул эң кооптуу сценарий. Бирок дүйнө жүзүндөгү абалды эске алганда, тобокелдиктер абдан көп. Андыктан үнөмдөөгө мүмкүн болгон жактын баарын үнөмдөшүбүз керек", — деди Өмүрбекова.

Бирок вице-премьер бул нерсенин корголгон статьяларга тиешеси жок экенин кошумчалады.

Ошондой эле ал өткөн эки айда салык органдары планды толугу менен аткарганын, бирок бажы төлөмдөрү жагынан көрсөткүчтөр бир аз төмөндөгөнүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0