Абылгазиев күйүүчү май маселеси боюнча РФ премьери Мишустин менен сүйлөштү

© Sputnik / Евгений ОдиноковМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн өкмөт башчылары зарыл маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү жардамдарды берүү тууралуу макулдашты.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүдө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу маселе, анын таркашына жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чаралар талкууланган.

"Телефон аркылуу сүйлөшүүдө Россиядан импорттолчу күйүүчү май, азык-түлүк жана башка товарларды ташуу мурдагыдай тартипте жүзөгө ашырылып жатканы белгиленди", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөт башчылары координация, биргелешип аракеттенүү, зарыл маалыматтарды ыкчам алмашуу жана тиешелүү жардамдарды берүү тууралуу макулдашканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0