Өкмөт: кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуу токтобойт

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевОфициальный визит премьер-министра Казахстана Аскара Мамина в Кыргызстан
Официальный визит премьер-министра Казахстана Аскара Мамина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустун жайылышынан улам Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыяланып, сегиз киши дарыланып жатат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыяланганына карабастан кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуу токтобойт. Мындай макулдашууга эки өлкөнүн премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Аскар Мамин келгенин кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Премьерлер бүгүн кечке маал телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

“Баарлашуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу маселелери менен бирге коронавируска байланыштуу абал талкууланды. Өкмөт башчылар кыргыз-казак чек арасынан жүк ташууну токтотпоо боюнча макулдашышты”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны сегиз кишиге жетти. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Өлкөдө бир айга чейин деп өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0