Жазда күйүүчү май тартыштыгы жаралбайбы? Нефтетрейдерлердин жообу

© AFP / DAMIEN MEYERМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга караганда, 2020-жылдын өткөн эки айында 214,7 миң тонна нефть продуктулары келген. Анын 106,8 миң тоннасы бензин, 107,8 миң тоннасы дизель майы жана 9,8 миң тоннасы суюлтулган автогаз экени айтылды.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстанга күйүүчү май жетиштүү көлөмдө алып келинүүдө, баасы марттын экинчи жарымында 1,5-2 пайызга арзандайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Товардык поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан импорттук сырьёну ташуунун башка жолдорун издеп жатат
Баанын арзандоо себептеринин бири дүйнөлүк биржаларда нефтиге болгон баанын төмөндөшү экени айтылды. Мындан тышкары, Россиядагы нефть иштетүүчү ишканаларда дүң баанын төмөндөшү жана доллардын сомго карата наркы көтөрүлүп кеткендиги жүйө болууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Кыргызстанга 2020-жылдын өткөн эки айында 214,7 миң тонна нефть азыктары келген. Анын 106,8 миң тоннасы бензин, 107,8 миң тоннасы дизель майы жана 9,8 миң тоннасы суюлтулган автогаз экени айтылды.

"Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 126 пайызды түздү. Андыктан республикада күйүүчү май боюнча эч бир тартыштык жаралбайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле бир катар компаниялар быйыл дагы жазгы талаа иштери учурунда дыйкандарга колдоо иретинде күйүүчү майдын ар бир литрине 40 тыйындан арзандатуу кылып берери кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0