Абдыгулов Улуттук банк 53,7 млн. долларды канчадан сатканын айтты

© Фото / пресс-служба НБКР Вывеска у здания Национального банка Кыргызстана
Вывеска у здания Национального банка Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Кыргызстандын Улуттук банкы рынокко 53,7 миллион доллар сатты. Толкунбек Абдыгулов операция кайсы курс менен жасалганын айтты.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Улуттук банк 53,7 миллион долларды 72,9 сомдон саткан. Бул тууралуу аталган банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

10-март күнү доллардын сомго карата баасы кескин өсүп кетти. Валютанын баасын кармаш үчүн Улуттук банк саат 16:00дөр чамасында интервенция жасаган.

"Кечээ долларды 72,9 сомдон сатып жана сатып алууга тараптар даяр турушту. Суроо-талаптын тең салмактуулугу байкалгандыктан Улуттук банктын интервенциясы ушул бааны койду", — деди Абдыгулов.

Улуттук банктын башчысы валюта баасы тууралуу дагы эмнелерди айтканын биздин онлайн-репортаждан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0