Кыргызстанда доллар түгөнүп бара жатабы? Улуттук банктын жообу

© REUTERS / MOHAMED ABD EL GHANYАКШ долларларын санап жаткан адам. Архив
АКШ долларларын санап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банк башчысы доллардын кымбатташы боюнча маалымат жыйын курду. Ал кээ бир акча алмаштыруучу жайлар эмнеге доллар сатууну убактылуу токтотконун түшүндүрдү.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстанда АКШ долларынын жетишсиздиги байкалганын Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, кечээ Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардын жарымы доллар сатпай койгонун айтып арыздангандар бар. Бирок Абдыгулов республикада доллар дефицити жок экенин белгиледи.

"Республикада долларды сатып алууда же сатууда эч кандай көйгөй жаралган жок. Валютанын курсу өзгөргөндө спекуляция жүргүзүп, акча таап калууга аракет жасагандар пайда болот. Мисалы, кечээ кээ бир акча алмаштыруучу жайлар менен банктарда акча алмаштыруу операциясы токтоп турганын байкадык. Бардыгы Россия рыногунун ачылышын күтүп турушту, ортодогу айырма үч саат да", — деди Абдыгулов.

Ал ошондой эле акча алмаштыруучу жайлар валюта сатпай жатса, жарандар каалаган банкка кайрыла алышарын кошумчалады.

Улуттук банк башчысынын доллардын кымбатташы боюнча жыйынын видеодон көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0