Белгиленбей калган майрамдарга бөлүнгөн каражат кайда жумшалат

© Sputnik / Жоомарт УраимовВыдача кредитов в КР
Выдача кредитов в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус кооптуулугунан улам Бишкекте 8-март белгиленген жок. Алдыдагы Нооруз дагы майрамдалбай турган болду.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. 8-март - Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөгө бюджеттен 2 миллион 200 миң сом, Ноорузга 2 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бирок дүйнөгө жайылып жаткан коронавирустан улам Бишкекте өтө турган маданий-массалык иш-чараларды токтотуу чечими кабыл алынган. Буга байланыштуу 8-март менен Нооруз белгиленбей турган болгон.

"Эки майрамга 4 миллион 200 миң сом каралган болчу. Эми бул каражат оптимизацияланып, шаардын эсебинде калат. Келечекте башка майрамдарга жумшалат", — дешти мэриядан.

Белгилей кетсек, быйыл мэриянын Маданият башкармалыгы 17ге чукул масштабдуу иш-чара өткөрүүнү пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0