Облус жетекчилери аймактагы азык-түлүк запасын күн сайын текшерип турмай болду

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Исфана в Лейлекском районе Баткенской области
Город Исфана в Лейлекском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин коронавирустун өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген кесепеттерин азайтуу боюнча республикалык штаб түзүлгөн. Эми анын алкагында райондордо жана облустарда штабдар уюштурулат.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырып, аймактарда күн сайын азык-түлүк запасын текшерип, бааларды көзөмөлдөп туруу тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, буга чейин коронавирустун өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген кесепеттерин азайтуу боюнча республикалык штаб түзүлгөн. Вице-премьер анын алкагында райондордо жана облустарда штабдарды уюштурууну тапшырды.

"Өндүрүш көлөмү, ташып келүүлөр, баалар боюнча өндүрүүчүлөр, ири соода түйүндөрүнүн жана базарлардын кожоюндары менен жолугушуп, сүйлөшүү зарыл. Биз чийки заттардын көлөмү, ташып келүү боюнча келишимдер, каржылоодогу муктаждыктар жана чет элдик жумушчу күчтөрдүн зарылдыгы жөнүндө билишибиз керек", — деди Асрандиев.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-февралындагы жыйыны - Sputnik Кыргызстан
Шекер менен ун жеп отура беребизби? Аткаминердин жообу депутатты таң калтырды
Ошондой эле ал ири соода түйүндөрүнүн жана азык-түлүк базарларынын кожоюндарынан сатуунун көлөмү жөнүндө маалымат алып туруу зарылдыгын белгиледи.

Асрандиев атамекендик рынокто кырдаал туруктуу, айыл чарба багытындагы товарлар жетиштүү, экспорттоо мурдагыдай эле жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетүүчү жагдай, кыргыз тарап продукцияларды ташууга кандайдыр бир чектөө киргизген жок. Ошол эле учурда муктаждыктагы товарларды ташуунун көлөмүнө көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0