Асрандиев: өлкөдө азык-түлүктүн камы жетиштүү

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиеввице-премьер Эркин Асрандиев
вице-премьер Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер коронавирус эпидемиясынан улам Кытайдан жүк ташууга чектөө киргизилгенин кошумчалады. Бул бардык түрдөгү, анын ичинде темир жол аркылуу ташууларга да тийиштүү.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өлкөдө азык-түлүктүн камы жетиштүү, элдин тынчсыздануусуна негиз жок. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев айтканын өкмөттөн кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, Асрандиев коронавирустун жайылышынан улам өлкөнүн экономикасындагы абал текшерилип жатканын билдирген.

"Учурда азык-түлүк камы жетиштүү. Базарларда, соода жайларда мониторинг жүргүзүлүүдө. Эл керектөөчү товарлар бизге негизинен Кытайдан ташылып келчү. Оору чыккандыгына байланыштуу көпчүлүк заводдор ишин токтоткон. Бирок учурда заводдордун жана фабрикалардын басымдуу бөлүгү ишин жандантып, жакынкы арада өз продукцияларын экспортко чыгара баштайт. Азыркы күндө чийки заттардын жана фурнитуралардын запастарын биздин өндүрүүчүлөр менен эсептеп жатабыз. Мисалы, жеңил өнөр жай тармагында чийки сырьё эки айга жетет. Сырьё түгөнгөн учурда Кытайдан керектүү материалдарды ташуу жанданып калат", — деди Асрандиев.

Асрандиев коронавирус эпидемиясынан улам Кытайдан жүк ташууга чектөө киргизилгенин белгиледи.

Жүргүнчүлөр мединциналык маскачан аэропортто жургөн учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жайылган өлкөлөрдөн келгенин жашырган кыргызстандыктар аныкталды
"Мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды ташууда коронавирустун кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу үчүн жүктөрдү көзөмөлдөө чаралары күчөтүлдү. Бул бардык түрдөгү, анын ичинде темир жол аркылуу ташууларга да тийиштүү. Бүгүнкү күнгө карата Кытайдын түндүгүндө Европа жана Борбор Азияга поезд аркылуу жүктөрдү жөнөтүү штаттык режимде калыбына келтирилди", — деди вице-премьер.

Асрандиев азыркы түзүлгөн кырдаалда ишкерлерге жардам берүү боюнча атайын план иштеп чыгуу боюнча жумуштар жасалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0