Кыргызстандын жараксыз 500 сомдугу 80 эсе кымбат сатылууда

© Sputnik / Эрмек ЖумагуловОбразец купюры номиналом 500 сом
Образец купюры номиналом 500 сом  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалаң нөл менен жазылган номердеги ар кандай валютадагы купюралар сатууга чыкпай, үлгү катары гана колдонулат.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Россиянын auction деп аталган интернет-аукционунда 500 сомдук купюра сатууга коюлду.

Ал 2000-жылы жүгүртүүгө алгачкы ирет чыгарылган үлгүдөгү акча экени айтылат.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
20 сомдук купюра өз баасынан 500 эсе кымбат сатылууда. Себеби эмнеде?
Баштапкы суммасы 40 миң рублди (42,2 миң сом) түздү. Бул өз баасынан дээрлик 80 эсе кымбат сатылып жатканын түшүндүрөт. Банкнотанын баалуулугу анын АА0000000 деген номеринде.

Белгилей кетсек, купюрага "Үлгү" деген мөөр коюлган. Ал банк кызматкерлерине, элге жана уюмдарга жаңы банкнотаны тааныштыруу максатында чыгарылган.

Ачык булактарда жалаң нөл менен жазылган номердеги ар кандай валютадагы купюралар сатууга чыкпай, үлгү катары гана колдонулары жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0