Коронавирус: Кыргызстан запастагы азык-түлүгүнө саресеп салат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүШаардык супермаркеттин бириндеги азык-түлүк менен араба. Архив
Шаардык супермаркеттин бириндеги азык-түлүк менен араба. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус коркунучуна байланыштуу тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берип, учурдагы абал тууралуу маалымат алды.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Коронавирус инфекциясы чыкса, атамекендик экономика үчүн белгилүү бир кесепеттерди алып келет, бардык тобокелдиктерди кыскартышыбыз керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча селектордук кеңешмеде билдирди.

"Биздин товар жүгүртүүнүн бештен бир бөлүгү Кытайга туура келерин эске алуу керек. Басымдуу бөлүгүн импорт түзөт. Мындан улам эпидемиологиялык кырдаалдын бизнес чөйрөcүнө тийгизген таасирине терең талдоо жүргүзүүбүз кажет. Бул үчүн альтернативдүү рынокторду издөө иштерин күчөтүп, бизнести колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгабыз", — деди Абылгазиев.

© Пресс-служба правительства КР Алишер АлиевСелекторное совещание по вопросам профилактики коронавирусной инфекции и минимизации последствий ситуации.
Коронавирус: Кыргызстан запастагы азык-түлүгүнө саресеп салат - Sputnik Кыргызстан
Селекторное совещание по вопросам профилактики коронавирусной инфекции и минимизации последствий ситуации.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, вице-премьер Эркин Асрандиев жетектеген антикризистик иш-чаралар боюнча штабдын иши эки негизги багыт боюнча жүрүшү абзел.

"Биринчиси — зарыл азык-түлүктөр менен тиешелүү көлөмдө камсыздоо маселеси. Болгон запаска талдоо жүргүзүп, кайсы товарды кайдан кандай баада жана канча мөөнөттө өлкөгө ташып келүүгө болору тууралуу так билишибиз керек. Экинчиси — Кытай менен чек аранын жабылышына байланыштуу бажы төлөмдөрүнүн көлөмү түшүүдө", — деди ал.

Мындан тышкары, чек араны жабуу аймактагы өнөр жай ишканаларынын, биринчи кезекте Кытайдын катыштыгы бар тараптарга дагы таасир этерин айтты.

© Пресс-служба правительства КР Алишер АлиевСелекторное совещание по вопросам профилактики коронавирусной инфекции и минимизации последствий ситуации.
Коронавирус: Кыргызстан запастагы азык-түлүгүнө саресеп салат - Sputnik Кыргызстан
Селекторное совещание по вопросам профилактики коронавирусной инфекции и минимизации последствий ситуации.

"Убактылуу өлкөдөн кетип, кайра жумуш ордуна келе албай калган кытай жарандары иштеген объектилер бар. Мында жолдорду жана башка инфраструктуралык, өнөр жай объектилеринин курулушу тууралуу сөз болуп жатат. Кыска мөөнөттө ишти улантууну шарттаган чаралар иштелип чыгышы керек. Зарылдыгына жараша башка адистер тартылышы кажет", — деди Абылгазиев.

Мындан тышкары, премьер өлкөнүн рынокторундагы абалды күн сайын изилдөө керектигине тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүлүн бурдурду.

"Айрымдар түзүлгөн жагдайды колдонуп, кайсы бир азык-түлүктөрдүн, башка товарлардын баасын негизсиз көтөрүү менен пайда табууну көздөгөндөр болушу мүмкүн. Буга жол бербөө керек. Айыл чарба продукцияларын ташып чыгарууга көзөмөлдү күчөтүү зарыл, тигил же бул азыктардын тартыштыгы болбоого тийиш", — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр Тышкы иштер министрлигине элчиликтер менен иш алып барууну, мындан ары да кыргызстандыктарга жардам берүүнү, ошондой эле жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү талдоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик чек аранын көзөмөл-өткөрмө жайларында жана обсервацияларда нөөмөттө турган медициналык кызматкерлерге сый акы берүү жолдорун кароо тапшырмасын алды.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0