ЕАЭБдин өнүгүшүнө Кыргызстандын салымы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта биримдиктин экономикадагы артыкчылыктуу жактары автоунаа куруу, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы экени кошумчаланды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. 2017 жана 2018-жылдары ЕАЭБдеги экономикалык өсүшкө Армения, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстандагы кызмат көрсөтүүлөрдүн көбөйүшү бирден-бир себеп болгон. Бул тууралуу ЕАЭБдин экономикалык өнүгүшү боюнча докладга шилтеме берип Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) сайтында жазылды.

"2015-2016-жылдарга салыштырмалуу мүчө өлкөлөр биримдиктин потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүүрөөк пайдаланганды үйрөндү. Мунун аркасы менен экспорт өстү", — деп айтылат макалада.

Ушул тапта биримдиктин экономикадагы артыкчылыктуу жактары автоунаа куруу, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы экени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0