Былтыр Кыргызстандан канча акча чыгып кеткен. Рекорддук сумма дешти

© AFP / HOӨткөн жылы Кыргызстандан сыртка агылган акчанын суммасы 554,6 миллион доллар болду
Өткөн жылы Кыргызстандан сыртка агылган акчанын суммасы 554,6 миллион доллар болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан чыгарылган акчанын буга чейинки рекорду 2018-жылы коюлуп, анын көлөмү 540 миллион долларды чапчыган эле.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстандан сыртка агылган акчанын суммасы 554,6 миллион доллар болду. Бул туурасында Улуттук банктын маалыматында айтылган.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Долларды кымбаттатпоо үчүн Улуттук банк 28 млн. доллар сатты
Кеп мында жеке жактардын акча которуу системалары аркылуу жасалган транзакциялары тууралуу болуп жатат.

Бул Улуттук банк акчанын чыгып кетиши боюнча маалымат жарыялап баштаган 2005-жылдан бери болгон рекорддук көрсөткүч.

Кыргызстандан чыгарылган акчанын буга чейинки рекорду 2018-жылы коюлуп, анын көлөмү 542,3 миллион долларды чапчыган эле.

Башка жылдары чыккан каражаттар жарым миллиардга жеткен эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0